Жаңылыктар
Мамлекеттик салык кызматы бир катар долбоорлорду ишке киргизүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик салык кызматы бир катар долбоорлорду ишке киргизүүдө

1-июлдан тартып Мамлекеттик салык кызматы бир катар долбоорлорду ишке киргизүүдө. Бул электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станцияларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз сыяктуу компоненттер. 

Долбоорлор "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясынын жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында ишке ашырылууда. Алар көрсөтүлгөн мөөнөттөн баштап милдеттүү түрдө колдонууга өтөт. Долбоорлор көмүскө экономика менен күрөшүүдө маанилүү жана салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, бизнести өнүктүрүүгө багытталган.