Жаңылыктар
Жээнбеков: азырынча кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө барбайбыз
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков: азырынча кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө барбайбыз

Азыркы кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жоопкерчилик Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине, райондордун акимдерине, айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине жүктөлгөн. Чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып Президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.