Кыргыз илими чоң жоготууга учурады. 2020-жылдын 29-июнунда узакка созулган оорудан кийин 82 жашында Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, техника илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жатында Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Валерий Живоглядов дүйнөдөн кайтты.
Кыргыз илимине өзгөчө эмгек сиңирген белгилүү окмуштуу тууралуу кабарчыбыз Назира Молдокулова айтып берет.
Валерий Живоглядов 1960-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту артыкчылык менен аяктап, инженер-электрик квалификациясына ээ болгон.
-1960-жылдары Советтер Союзунда маалыматты топтоо жана дуалдык касиеттер менен автоматтык системаларга теориялык изилдөөлөрдү биринчилерден болуп жүргүзүп баштаган окумштуунун бири. 1965-жылы кандидаттык , ал эми 1974-жылы — докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ал маалыматтык технологияларга жана башкаруу системасына, дуалдык башкаруу жана системаларды идентификациялоонун теориясына, системаларды көп критерийлүү оптимизациялоого жана адаптациялоого, билимдердин электрондук менеджментине, технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү башкаруунун компьютердик системаларын иштеп чыгууга өзгөчө салым кошкон. Академик Жаныбек Шаршеналиев Валерий Живоглядовдун териялык иштеп чыгуулары менен бирге практикалык эмгектери өтө көп болгонун белгиледи. Айрыкча автоматтарштыруу жаатында чоң окмуштуу болгонун эске салат.
Өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык институтунда (1960-1962-жж.) ассистент кызматынан баштаган, директордун орун басары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Автоматика институтунун бөлүм башчысы (1965-1987), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы кызматтарын аркалаган. УИА президенти, академик Мурат Жуматаев 1970- 1980 жылдарда өлкөдөгү завод фабрикаларды автаматташтыруу ишинде Живоглядовдун эмгектери кеңири колдонулганын, Канттагы шифер заводун иштөө принцибин автаматташытырууну да Живоглядов иштеп чыкканын белгиледи.
1990- жылдан кийин Валерий Живоглядов КЭУнун жаңы маалыматтык технологиялар мектебинин деканы (1993-1997-жж.), КУУнун маалыматтык технологиялар жана интернет факультетинин деканы (1997-2003-жж.), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин компьютердик инженерия кафедрасынын башчысы (2003-2006-жж.) кызматтарында эмгектенген. 2006-жылдан тартып Электрондук менеджмент жана окуулар борборунун директору, Кыргыз-Россия славян университетинин ректорунун кеңешчиси кызматтарын ээлеген.
Ал 10 китептин, 5 ойлоп табуунун автору болгон. Мындан тышкары эл аралык конференциялар менен конгресстердин илимий эмгектеринде 290дон ашуун макаланын жана басылмалардын автору жана авторлошу болуп саналат. Илимдин 20 кандидатын, илимдин 3 докторун жана көптөгөн сандагы инженерлерди, бакалаврлар менен магистрлерди даярдоону жетектеген.
Илимге сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын «Данакер» ордени, Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы (1999), СССРдин көптөгөн медалдары (1970, 1988) менен сыйланган.
1993-жылы илимдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган. 2002-жылы Живоглядов илим жана техника жаатында КР Мамлекеттик премиясынын лауреаты болгон.
Кыргыз илиминин өнүгүүсүнө өзгочө салым кошкон акадимик Валерий Живоглядовдун жакындарына Президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер- министр Кубатбек Боронов баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар чөйрөсү көңүл айтты.
Валерий Живоглядов 1938-жылдын 25-августунда Кара-Балта шаарында төрөлгөн.