Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына катышып, жаңы бекиген өкмөттүн антын кабыл алды. Өлкө башчысы жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөп, пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Кызматка киришкен өкмөт мүчөлөрүн ушундай кыйчалыш мезгилде өзүнүн тажрыйбасын көрсөтүүгө чакырды. Жүктөлгөн милдеттерди бийик абийир, жогорку жоопкерчилик менен аткарып, кырдаалдын тез арада оңдолушуна ишенимин билдирди.
Кимдин ким экени, унчукпай кылып жаткан иши да, курулай, карандай гана сөзү да ушундай мезгилде билинерин белгиледи. Алдыдагы саясий өнөктүктү, парламенттик шайлоону өз жолу, өз нугу менен өткөрүп, мамлекеттин келечегине аяр мамиле кылууга чакырды. Өлкө башчысы тышкы саясат маселесине да токтолду. Алыскы жана жакынкы коңшулар, өнөктөш өлкөлөр менен болгон мамилени чыңдоо, айрымдарын калыбына келтирүүгө көп убакыт жумшалганын кошумчалады.
Ал азыркы абал жана пандемия маселесине да кайрылды. Үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын, өзүбүздүн жана элибиздин ден соолугу үчүн ар бирибиз жоопкер экенибизди белгиледи. Коомдук саламаттыктын абалы курчуп турганда той, маараке өткөрүп, эрежени көзгө илбеген катардагы жарандар менен бирге элге төбөсү көрүнүп калгандарды сынга алды. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык! Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кайдыгерлик экенин айтты.