Жаңылыктар
Шаар тургундарына түзүлгөн шарт
Кыргызстан жаңылыктары
Шаар тургундарына түзүлгөн шарт

2021-жылы Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган кичи райондогу Салиева көчөсүн текшерип чыккандан кийин билдирди. Шаар башчысы бул көчөдөгү мыйзамсыз курулуштарды жана ички көчөлөргө чыгып кеткен курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди. Мэр курулушу аяктаган спорт комплекс менен да таанышып, жакынкы күндөрү пайдаланууга бериле турганын айтты. 

Анын курулушу Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланды. Күрөш, баскетбол, волейбол, фитнес, теннис оюндарынын өтүшүнө шарттар каралган. 200дөй көрүүчүлөр үчүн да орундуктар курулуп, жуунучу жайлары бар. Ал эми спорт комплекстин жанына тургундар үчүн балдар аянтчасы курулду.