Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталды. Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков унаалардын техникалык абалы менен таанышты. Реанимациялык унаалар жасалма дем алдыруучу жана башка жабдуулар менен толук камсыздалган.
"118" жана "103" кызматтарына кайрылуулардын саны кескин өстү. Оператор бир чалууга жооп берип бүтө электе эле, байланышка кезекте турган кийинки бейтап чыгууда. Күнүнө миңдеген жарандар чалып, көпчүлүгү тез жардам бригадасынын келишин талап кылышууда. Мүмкүн болушунча оператор телефон аркылуу кеңеш берип, өтө мутаждарына дарыгерлер жөнөтүлүүдө. Тез жардам унаалары болсо жетишсиз болчу.
Тез жардам унааларына болгон муктаждыкты жоюу үчүн Тез жардам медициналык борборунун унааларынын санын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Мамлекеттик коргоо комитети мобилдик топтор үчүн дагы 5 унаа берди. Натыйжада бүгүнкү күндөн баштап 118 жана 103 кызматтарына кошумча 20 тез жардам бригадасы кошулду. Ошол эле учурда, Өкмөт башчы Кубатбек Боронов тез жардамды кайра уюштурууну тапшырып, дарыгерлер бейтапты кайсы ооруканага жаткыруу жөнүндө чечимди, жеринде кабыл алууга мүмкүн болгондой болушу керектигин белгиледи.
Премьер-министр медицина кызматкерлерине жасап жаткан иши үчүн ыраазычылык билдирди.
Өкмөт башчы жарандарды ак халатчандардын эмгегин урматтап, өз ден соолугу үчүн үйдө болуусун өтүндү.