Жаңылыктар
Куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын макамына өзгөрүү кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын макамына өзгөрүү кирди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты анын нормаларын «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамга ылайык келтирүү болуп саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.