Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды. Көптөгөн өлкөлөр илдетти ооздуктоо максатында жарандардын кыймылын чектөөгө алып, натыйжада адамзаттын жашоосу башка нукка бурулду. Калктын саламаттыгы үчүн айрым тармактарга аралыктан иштөө ыкмасы киргизилди, ишкана, өндүрүш, туризм жана тейлөө тармагында жумуш токтоду же мурдагы калыбындай болбой жайлап калды.
Коронавирус пандемиясынан бери 16 694 мекендеш алынып келинди. Анын ичинен: Кытайдан 112 адам, Түштүк Кореядан 165, 285 Сауд Арабиясынан, 227 киши Индиядан келгендер. Эң көп мекендештер же 11 267 адам Россиядан келди. Таиланддан 77, Шри-Ланкадан 4, Бириккен Араб Эмираттарынан 1051, Египеттен 178, Түркиянын аймагынан 1433, Казакстандан 815, Малайзиядан 8 адам кайтып келди. Иран 59, Ооганстан 11, Өзбекстан 161, Тажикстан 59 кыргыз жаранын жөнөттү. Камбоджадан 4, Украинадан 7, Венгриядан 22, Катар менен Кувейттен 108, Жапониядан 36, ал эми Германиядан 59 жаран, АКШдан 146 мекендеш Кыргызстанга келе алды. Беларустан 179, ал эми Пакистандан 194 адам мекенине келди. Филиппинден келгендердин саны 9.