Эртеңден тарта Бишкек шаарына ысык суу бериле баштайт. Мэриянын маалыматына ылайык, ысык суу биринчи кезекте бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык маанилүү объекттерге берилет. Белгилей кетсек, жыл сайын 1-майдан тарта профилактикалык жана оңдоо иштерине байланыштуу ысык суу 1 айга токтотулат. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаалдан улам ысык суу 1-июнда өчүрүлгөн.