Россиядан дагы 554 жаран алып келинди. Кезектеги чартердик каттам эки өлкөнүн макулдашуусунун алкагында аткарылды. Мекендештерди дарыгерлер, тиешелүү мекемелердин өкүдөрү тосуп алып, учактан түшөөрдө ар биринин дене табы текшерилди.
Кезектеги уюштурулган чартердик каттам менен учак Санк-Петербургдан учуп келди. Талапка ылайык бардык жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилди.
Чартердик каттамдар Президенттин тапшырмасы менен эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги макулдашып, уюштуруп келатат. Бул ирет 554 жаран алып келинди. Алардын 41и эки жашка чыга элек балдар.
Өлкөгө кайтып келүүнү каалаган мекендештер көп. Учакта болсо орун чектелүү. Мындан улам жүргүнчүлөрдүн тизмесин атайын уюшулган комиссия түздү. Анын сап башына жаш балдары бар жарандар, кош бойлуу аялдар, оорулуу адамдар камтылды.
Атайын даярдалган унаалар менен мекендештер аэропортко жакын жердеги обсервациялык жайга алып барылды. Анда бардыгынан анализ алынып, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Жыйынтыгы чыккыча үй карантинде болушу шарт.