Жаңылыктар
Эпидемиологиялык кырдаал оор
Кыргызстан жаңылыктары
Эпидемиологиялык кырдаал оор

Эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Соңку суткада кооптуу илдет дагы 250 адамдан табылды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деп тапты. Бирок бир катар мекемелерге коопсуздукка байланыштуу тапшырмалар берилди. Учурда мамлекеттик кызматкерлердин аралыктан иштөөсүн камсыз кылуу маселеси каралып жатат.

Коронавируска чалдыккандар ар күн сайын көбөйүүдө. Соңку суткада 4212 лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, натыйжада 250 адамдан кооптуу илдет табылды. Буга чейин вирус сырттан келгендерден аныкталып, обсервациялык жайдан дароо ооруканага жеткирилип турса, эми өлкө ичинде илдетти жуктуруп алгандар көбөйдү. Маселен ооруга жаңы кабылгандардын үчөө гана чет жерден кайтып келишкен. 

Мындай сандар көпчүлүктү кооптондурууда. Өлкөдө же калк жыш жайгашкан Бишкекте өзгөчө абал кирбейби деген маселе жаралды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб өзгөчө абал киргизүүнүн зарылчылыгы жок деп тапты. Бирок коопсуздукка байланыштуу талаптар күчөтүлөт. Кыргызстандын коронавируска каршы күрөшүүгө жасаган аракеттерин эл аралык уюмдар, чет элдик өнөктөштөр колдоого алууда. Эми ооруну аныктоонун жаңы ыкмасы колдонулат.

Март айынан бери Кыргызстанда коронавируска 4204 адам чалдыгып, алардын жарымы сакайды. Эпидемиологиялык абал айрыкча Бишкекте оор. Борбор калаада Ковид-19 инфекциясынан жабыркагандарды Жугуштуу оорулар боюнча ооруканада, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жана Улуттук фтизиатрия борборунда дарылоо жүрүп жатат. Коронавирус эмес, бирок ага белгилери окшош өпкө оорусунан жабыркагандарды эми Курортология институту кабыл алууда.