Жаңылыктар
Эмки айдан тартып электрондук эсеп-фактуралар милдеттүү түрдө колдонула баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эмки айдан тартып электрондук эсеп-фактуралар милдеттүү түрдө колдонула баштайт

1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактуралар милдеттүү түрдө колдонула баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар 2020-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө мурда берилген эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин жараксыз деп табуу үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга тийиш. 

Электрондук эсеп-фактура бизнестин көмүскө экономикага жана мыйзамсыз ишмерликке каршы турууга багытталган. Ал эми электрондук эсеп-фактураларды толугу менен кеңири колдонуу үчүн салык кызматынын порталына кирип, маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл. Андан кийин электрондук эсеп-фактураны колдонууга болот.