Жогорку Кеңеште “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окуудан карала баштады.
Депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко баштаган бир катар депутаттар кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырышты.
Ал арада “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Иш-чараны уюштуруу демилгеси жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандарга таандык.
Иш-чарага элүүдөн ашуун адам катышууда.