Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Россия Федерациясынын Москва шаарынан кайтып келди. Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.
Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде Мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат.
Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочого алынышат.