Жаңылыктар
Аткезчилик менен алынып келинген 23 тонна кургатылган жемиш кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Аткезчилик менен алынып келинген 23 тонна кургатылган жемиш кармалды

Бажы кызматкерлери мыйзамсыз ташылып келген товарларды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

“Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда кыргыз жарандын башкаруусундагы “Volvo” үлгүсүндөгү унааны текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан, жалпы салмагы 23 тоннага жакын кургатылган жемиш табылган. 

Кармалган товардын орточо базар баасы 983 миң 372 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.