Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү бүгүн, 2020-жылдын 24-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылында Кыргыз Республикасынын Баткен багыты боюнча жана Өзбекстан Республикасынын Чыгыш багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу өттү.
Сүйлөшүүлөргө Тараптардын чек арага канатташ аймактарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары да катышышты.
Жолугушуу учурунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Булактын» айланасында (Чечме айылы) 2020-жылдын 23-июнунда өзбек тарап жүргүзгөн топосъемка иш-аракеттери талкууга алынды.
Кыргыз тарап Кыргызстандын тиешелүү органдары менен макулдашпай туруп бул аймакта топографиялык тартууларды, видеого тартууларды жана башка иш-аракеттерди алып барууга болбостугун билдирди.
Өзбек тарап Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлчүлүктөрү келтирген аргументтерге макул экендигин билдирген.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жүрө турчу иш-аракеттер туурасында Тараптар бири-бирине алдын ала кабар берип макулдашаары тууралуу чечим кабыл алынды.
Кыргызстандын чек арачылары укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Чечме айылынын активдүү адамдары менен биргеликте чек арага канатташ аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.