25-майда салтка айланган "Акыркы коңгуроо" салтанаты өтүүчү күн. Бирок, быйыл бүтүрүүчүлөр көптөн күткөн иш-чара пандемиянын шартында өзгөчө өңүттө өтүүдө. КТРКнын "Замана" студиясы уюштурган "Акыркы коңгуроо" аркылуу бүтүрүүчүлөр экрандан классташтарына, окуткан мугалимдерине куттуктоо жолдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Марат Жолдошев мектепти аяктаганына быйыл 20 жыл болду. Буга чейин салт болуп келген бүтүрүүчүлөр кечесин уюштуруп, бир партада отурган классташтары менен чейрек кылымга жакын убакыттан кийин көрүшөбүз деп турганда пандемиянын чыгышы максаттарына бөгөт койгондой болгон. Бирок, кандай гана кыйчалыш учур болбосун, абалдан жол табууга болорун айтып, уюлдук телефону аркылуу куттук айтып, тилектерин билдирди.