Ош шаарында бүгүндөн тартып, дагы беш экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилди. Ошол эле учурда бир катар тармактарга тыюу күчүндө калтырылды. Өзгөчө абалдан кийин Ош шаары баштапкы жашоого кайтуу аракетинде. 25-майдан тарта, дагы беш тармактын иштөөсүнө уруксат берилди. Алар: калкты тейлөө жана кызмат көрсөтүү багытындагы мекеме-ишканалар.