Жаңылыктар
АКШ Россияга жардам көрсөттү
Кыргызстан жаңылыктары
АКШ Россияга жардам көрсөттү

АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн учагы Москвага жасалма дем алдыруучу 50 аппарат жеткирди. Кошмо Штаттар кайтарымсыз жардам иретинде Россияга коронавирус менен күрөшүүгө жалпысынан мециналык 200 жабдуу берди. Чкаловский аэродромунан жөнөп кеткен учактын ичинде медициналык жабдуу, ошондой эле бет кап бар. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, медициналык жабдуулар Москва шаарындагы улуттук медициналык-хирургиялык борборлорунун бирине өткөрүлүп берилет. Андан соң ал аппараттар суроо-талапка жана эпидемиологиялык абалга жараша россиялык медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.

Буга чейин РФ коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында АКШга да медициналык жабдууларды, коргонуу каражаттарын жиберген. Учурда АКШ менен Россия дүйнө жүзү боюнча COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыңкы сапка чыкты. Америкада 1,6 миллиондон ашса, Россияда 330 миңге чамалады.