Бүгүн, 23-майда Бишкекке Кыргызстандык окуучуларды ыкчам түрдө алып чыгып кетүү үчүн уюштурулган атайын каттам менен 109 окуучу, 37 студент жана АКШ менен Канададан Кыргызстандын жарандары алып келинди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө окуучулар менен студенттер ар кандай программалар менен ар кайсы шаарларда окуп жүрүшкөн. "Жалпысынан аталган каттам менен 146 жүргүнчү учуп келди.
Алардын арасында улгайган курактагылар жана саламаттыгына байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгондор бар", - деп айтылат маалыматта. Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар Президент койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда иштелип жатат.