Жаңылыктар
Орус-казак чек арасындагы мекендештер чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Орус-казак чек арасындагы мекендештер чыгарылды

Кыргызстан орус-казак чек арасында, Орусиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда топтолуп турган жарандарынын баарын алып чыкты. 22-майда Оренбург шаарынан тогуз автобус менен 448 адам Казакстан аркылуу жолго чыкканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. 

Элчилик тараткан маалыматта “Казак тарап алардын баарынын саламаттыгын текшерип, тийиштүү кагаздарын жазып берди. 12 айдоочу машинасын тралдарга жүктөдү, калган айдоочулар мурда жашаган жерине кайра жөнөштү. 

Ошентип, Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын топтолгон жарандары жок” деп айтылат. Ошону менен катар элчилик орус-казак чек арасы дале жабык экенин эскертти.