Жаңылыктар
Ат-Башыда биринчи жолу жасмык эгилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыда биринчи жолу жасмык эгилүүдө

Жасмык (чечевица) райондо гана эмес, облустун тарыхында алгачкы жолу эгилүүдө. Аны сатып өткөрүү жагы да сүйлөшүлгөн. Абасы бийик, климаттык шарты катаал өрөөнгө өсүп берсе, дыйкан үчүн кирешелүү өсүмдүктү кеңейтүүгө даярбыз дешет мындагылар.



Жасмыкты районго айдоо үчүн көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлдү. Айыл чарба адистери баамдагандай, бул белокко бай, нан, ал тургай этти алмаштырууга кудуреттүү өсүмдүктү өстүрүү үчүн Ат-Башы районунун жаратылыш шарты ылайыктуу.



Быйыл план боюнча беш гектар жерге беш жүз килограмм үрөн себилди. Жасмыктын базардагы баасы учурда 90 сомго чейин сатылып жатат. Ал эми дүң наркы - 40 сом.