Айт күнү мал союп, элди чогулткандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мындай аракеттер коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында жасалууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн-брифингде эскертти. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, жер-жерлерде бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда жарандар дагы коопсуздук чараларына кайдыгер карабай, белгиленген тартипти сакташы керек.POST1RIGHT
24-май күнү айт намазы жылдагыдай аянтта же мечитте окулбайт. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ар бир мусулман Орозо айтты өз үйүндө өткөрүүсү керек.
Вирус катталгандан бери тиешелүү кызматтардын адистеринен түзүлгөн атайын топ инфекциянын очогу болгон аймактарды дезинфекциялап, кооптуу делген үйлөрдү жана анда жашаган жарандарды текшерүүдөн өткөрүшкөн. Жалпы 70 миң 943 турак жай залалсыздандырылып, 354 миңден ашуун адамдын саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө.