Сотторго болгон элдин ишенимин кайтаруу, жемкорлукка малынган судьялардан арылуу, судьялардын кынтыксыз ишин камсыздоо максатында мыйзамдык базаны чыңдоо жана тутумду санариптештирүү. Дал ушул багытта соттук-укуктук реформанын алкагындагы иштер мурдагыдан да ыкчамдатылмай болду. Сот тутумундагы жетишкендиктер менен кемчиликтер аларды оңдоонун жолдорун Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алганда талкуулады.
Ал эми апта мурда Мамлекет башчы соттордун кынтыксыздыгы боюнча жагдайларды Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын төрайымы Нургүл Бакированы кабыл алганда талкуулаган.
Азиз Досмамбетов бүгүн да жумуш ордунда. Анын үстүнө өзгөртүлүп толукталган мыйзамдарга байланыштуу азыр иши да арбыды. Сот тутумунда он алты жылдан бери иштесе анын соңку жети жылында судья болуп эмгектенүүдө. Айтымында сот жогорку ошол эле учурда жоопкерчиликтүү кызмат. Сот инсандык сапаттарга ээ болушу керек экенин белгилеген каарманыбыз судья чечим кабыл алаардан мурда терең ойлонушу керек деп эсептейт. Себеби ар бир чечимдин артында адамдын тагдыры турат.
Албетте ар бир соттун чыгарган өкүмүнө тараптардын баары макул боло бербейт. Сөзсүз бир тарап нааразы болот. Адилет чечим гана бардык тараптын калыс оюн жаратат. Бирок соңку жылдары адилеттүүлүктөн гана тайбай жосунсуз жоруктарга барган соттор да болууда. Тартип комиссиясы түзүлгөндөн бери же үч жылда судьялардын үстүнөн 3020 даттануу келип түшкөн. Комиссиянын чечими менен 223 судьяга карата ар кандай деңгээлдеги тартип жазасы колдонулган. 8 судья мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулган.