Калкты тейлөө борборлору кайрадан иштей баштады. Бишкек шаарында дагы кошумча эки кеңсе ачылды. Алардын бири күнүнө алты жүз, дагы бири эки жүз адамга кызмат кылууга ылайыкталган. Быйыл аймактарда да жаңы борборлор ачылат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам март айынын соңунда бардык калкты тейлөө борборлорунун иши токтотулган.
Өкмөттүн чечими менен аталган борборлор 21-майдан тартып иши жандана турган ишкана, мекемелердин катарына кошулган. Бирок коопсуздукка байланыштуу талаптар жоюлган жок. Жарандардын кеңсеге бет капсыз кирүүсүнө тыюу салынат.