Жаңылыктар
Мөөнөтү аяктаган паспорт жыл аягына чейин жарактуу
Кыргызстан жаңылыктары
Мөөнөтү аяктаган паспорт жыл аягына чейин жарактуу

Кыргызстанда мөөнөтү быйыл жыл ичинде аяктай турган паспорттордун баары жыл аягына чейин жарактуу болуп эсептелет. Бул тууралуу 21-майда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды, мөөнөтү быйыл аяктаган бардык паспорттор 31-декабрга чейин жарактуу болот. 

«Республика аймагында азыр да өзгөчө кырдаалдар жана айрым жерлерде карантиндик режим күчүндө турат. Буга байланыштуу COVID-19 вирусунун жайылуу коркунучун азайтуу жана калкты тейлөө борборлорунда, паспорттук бөлүмдөрдө адамдардын топтолушуна жол бербөө максатында, жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жана чет элдик жарандар менен жарандыгы жок жактарды каттоо узартылмай болду. Каттоонун мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айып көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чегерилбейт», - деп айтылат маалыматта. 

Каттоо мөөнөтүн узартууну каалаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режимдери алынган убакыттан тартып 10 иш күнү ичинде каттоосун узартышы зарыл. Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.