Жаңылыктар
Ош шаарында жана облус борборлорунда милициянын кайгуул-күзөт кызматы түзүлө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында жана облус борборлорунда милициянын кайгуул-күзөт кызматы түзүлө баштады

Ош шаарында жана облус борборлорунда милициянын кайгуул-күзөт кызматы түзүлө баштады. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазеив кол койгонун Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Документ ички иштер органдарында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүн түзүү, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча долбоорду улантуу максатында кабыл алынды. 

Белгилей кетсек, коомдук тартип жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Бишкек шаарынын аймагында ишке ашырылган пилоттук долбоор коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө жакшы натыйжа көрсөттү. Документке ылайык, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык ички иштер органдарынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүнүн учурдагы бардык ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги республиканын административдик аймагында түзүлүп жаткан Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүкчөсү болуп саналган милициянын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүкчөлөрүнө өткөрүп берилет.

Түзүлүп жаткан кызматта бир катар өзгөрүүлөр, анын ичинде экипаж курамында кызмат өтөө тартибинде өзгөртүүлөр каралууда. Милициянын кайгуул кызматынын бөлүкчөлөрү коомдук тартипти, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт.