Маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн министрликтин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.
Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлеринин айлык акысы 80 %га жогорулатылган.