Учурда Ысык-Көл облусу боюнча 11 миңден ашык ишкердик субъектилер карантинден кийин ишин улантты. Алардын баарына ишмердүүлүк жүргүзүү алдында санитардык эрежелерди сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилген.
Бирок баарында эле ал эрежелер сакталган жок. Мындай көрүнүштү атайын кызматтардын өкүлдөрү жөнгө салуу максатында рейд уюштурулган.
Айрым ишкердик субъектилер мурда эскертүү берилгенине карабай, санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн убактылуу жабылып, белгиленген өлчөмдө айып салынууда.