Жаңылыктар
Жол - экономиканын күрөө тамыры
Кыргызстан жаңылыктары
Жол - экономиканын күрөө тамыры

Жол — экономиканын күзгүсү жана кан тамыры. Соңку жылдары Кыргызстанда эл аралык, республикалык деңгээлдеги ири жолдор менен кошо ички жолдор да салынып жатат. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы. Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү максатында ар бир райондук борбордо жыл сайын 3 чакырымдан кем эмес жолдорду салуу же оңдоо тапшырмасын койгон. Анын негизинде акыркы жылдары өлкөнүн 40 районунда тең ички жолдорду салуу жумуштары кызуу жүргүзүлүп, эл заңгыраган жол менен каттап калды.