Коронавируска байланыштуу бир айдан ашык созулган өзгөчө абал режими биринчи кезекте өлкөнүн ички дүн өнүмүнүн кыскарышына алып келди. Экономиканын өзөгү болгон ири ишканалар ишин токтотту. Мындан улам 1-майга карата өлкөнүн ИДПсы 3,8 пайызга төмөндөгөнү белгилүү болду. Бул көрсөткүч жыл соңуна чейин дагы өсөт деп болжолдонуп жатат.