Жаңылыктар
Катар жана Кувейттен Кыргызстандын 107 жараны кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Катар жана Кувейттен Кыргызстандын 107 жараны кайтып келди

Бүгүн, 14-майда Бишкекке Катар жана Кувейттен Эль-Кувейт – Доха - Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстандын 107 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

"Биздин жарандар менен чогуу Казакстандын 31 жараны учуп келди. Аларды аэропорттон казак тарап тосуп алып, атайын унаа менен Казакстанга алып кетти", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, учуп келген жарандардын бардыгы обсервацияга жөнөтүлдү. Алдыда дагы чет жактагы жарандарды Кыргызстанга алып келүүнү уюштуруу боюнча иштер улана бермекчи.