Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун 12 айылында таза суу киргизүү иштери жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун 12 айылында таза суу киргизүү иштери жүрүүдө

Парламенттин жыйынында калкты таза суу менен камсыздоо дагы негизги маселелерден болуп каралды. 2024-жылга чейин өлкөнү 100 пайызга ичүүчү суу менен камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары кабыл алынып, акыркы үч жылдын ичинде 107 айылда таза суу көйгөйү чечилди. Коронавируска байланыштуу токтоп турган суу чыгаруу иштери эми жер-жерлерде кайрадан жанданды. Ушул тапта Жалал-Абад облусунун 12 айылында таза суу киргизүү иштери жүрүүдө.

Таза суу көйгөйү Базар-Коргон районунун Аук айылында дагы бар. Аталган айылдын жашоочулары ичүүчү сууну сатып алып, атайын жасатып алган кудуктарына унаа менен толтуртуп алып ичишет. Гүлзина Маматалиева дагы үйүнө кудук жасаткан. Бул 7 тонналык суу кудугун 500 сомго толтурат. Аны үнөмдөп, бир айга араң жеткирет. Айыл жеринде суу сатып алууга деп ай сайын жумшалган 500 сом деле капчыкка чоң сокку экенин Гүлзина айым айтат. Башка арга жок. Суусуз тиричилик өтпөйт.

Таза суу 20 чакырым аралыктан тартылууда. Кызыл Октябрь айылында 300 кубду түзгөн 2 суу кампасы курулууда. Жер алдынан суу бургулоо иштери аягына чыгайын деп калган. Долбоор боюнча 80 метр тереңдиктеги суу тартылыш керек.