Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Прокуратура органдарынын учурдагы ишмердүүлүгү жана алардын алдына жакынкы келечекке коюлган артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. Башкы прокурор, прокуратура органдарынын иши жөнүндө отчет берип, коррупцияга каршы аракеттер , мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча ишмердикти маалымдады.

2019-жылы 36 миңден ашуун мыйзам бузуу аныкталып, укук бузууларды калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлүп, мамлекеттин пайдасына 1 миллиарддан сомдон ашуун каражат кайтарылгандыгы белгиленди. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жана Сот реформасы боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Президент прокуратура органдары тарабынан өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгү жана мыйзамдуулуктун бекемделиши сөзсүз түрдө камсыз болушу керектигин баса белгиледи. Мамлекеттик бийлик органдарында, укук коргоо органдарында коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурду. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга карабастан, соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу чараларын күчөтүү зарылдыгын айтты.