Чүй облусунун аймагында кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү, сел жана суу ташкындарын алдын алуу жана башка өзгөчө кырдаалдардын тобокелин азайтуу максатында Чүй облусу боюнча башкармалык тарабынан 11 объектиде жээк бекемдөө иштери каралып, анын ичинен 9 объектиде жумуштар аткарылды.
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Бекемдөө иштери Чүй районунда 5 объектиде, Сокулук районунда 1, Аламүдүн районунда 3 объектиде аткарылды. Анын натыйжасында 279 турак жай, 112 гектар айдоо жер, 1 мончо, 1 от жагуучу жай, 7 дача, 1 трансформатор, 1 көпүрө, 1 мектеп, 2 ички чарбалык унаа жолу корголду.