Жаңылыктар
Уруксат кагаздары баарына бериле бербейт
Кыргызстан жаңылыктары
Уруксат кагаздары баарына бериле бербейт

Бишкекте жүрүүгө уруксат бере турган электрондук документ алууга бир күндө эле 836 арыз келип түштү. Мэриянын маалыматына ылайык, портал 12-майдан тарта иштеп баштады. Келип түшкөн арыздардын 815 каралып жатат, 14 уруксат берилди, ал эми 7 өтүнүч канааттандырылган жок. Муниципалитет салык кызматынын райондук башкармалыктары дагы жарандарды кабыл алып жатканын кошумчалады.