Коронавирустук инфекция башталгандан бери жалпы 23 өлкөдөн 9 миң 196 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтып келген. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков брифинг учурунда билдирди. Анын айтуусунда, алардын бардыгы жерде жүрүүчү транспорт жана аба каттамдары аркылуу мекенине кайтарылган. Белгилүү болгондой, өлкө башчысы тарабынан сырттагы мекендештерди алып келүү жолдорун издөө, аларга жардам берүү боюнча так жана конкреттүү тапшырмалар коюлган. Аталган тапшырманы аткаруу үчүн Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелер менен тыгыз иштешип, өнөктөш өлкөлөр менен аракеттерди көрүүдө. Министр кошумчалагандай, акыркы 12 күндүн ичинде эле чет мамлекеттерден 995 жаранды Кыргызстанга алып келүү жолдору иштелип чыккан.