Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими иштей баштады. Бишкек, Ош шаарлары, Ат-Башы району жалпы. Ал эми Чаткал району бүт карантинде эмес, Чаткалдагы Каныш-Кыя айыл аймагы гана карантинге алынган. Белгилуу болгондой, карантин коменданттык саат сыяктуу эле бир катар чектөөлөрдү өзүнө камтыган чара. Жугуштуу илдеттин жайылуу коркунучу дагы эле жогору болгондуктан, мындай тартип жарандар үйдө отуруп, талап кылынган эреже тартиптерди сактоосу үчүн киргизилди.
Бишкек шаары дагы учурда жугуштуу илдет жайылуу коркунучу жогору болуп турган аймакка кирет. Ушуга байланыштуу 11-майдан тарта карантин жарыялоо чечими кабыл алынган. Негизги максат- адамдардын байланышын азайтуу, бирок ошол эле кезде калаада экономикалык ишмердикти жандантып, шаардык бюджетти колдоо зарыл болуп турат.
Экономикалык ишмердикти жандантуу шарттарынын бири- калаа тегерегиндеги блокпосттордун саны кыскарды. Мурда 32 көзөмөл өткөрмө бөлүмдөрү болсо, бүгүнтөн тарта 16 көзөмөл санитардык пост түзүлүп, алар борборго кире берген жерлерде гана орнотулат. Демек, ишкердик жүргүзүүнүн аймагы кеңеет. Шаардын тегерегиндеги айылдардын тургундары тиричилик маселелери менен Бишкек келип кете башташат. Айрыкча сүт азыктарын, жашылча жана мөмө жемиш сатам дегендерге тоскоолдук болбойт.
Карантин учурунда Бишкек шаарында жүрүүгө жарандардан төмөндөгү документтер талап кылынат. 11-майдан тарта айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү, тамак аш, дары дармек өндүргөн ишканаларга, күйүүчү майлоочу май ташууга, медициналык мекемелерге, коммуналдык кызматтар, почта, каржы мекемелерине иштөөгө уруксат берилди. Мындан сырткары Камсыздандыруу компаниялары, күрөөканалар, адвокаттык компаниялар, нотариус жана коомдук тамак аш жайлары жеткирип берүү шарты менен ишин жандантты. Коронавирус жугуу тобокелчилиги жогору болгондуктан коомдук транспортту ишке киргизүү белгисиз мөөнөткө жылды. Жеке транспортту пайдаланууга уруксат берилет, бирок өзгөчө зарыл учурларда гана. Санитардык нормаларды бузгандарга айып пул салынат. Өлчөмдөрү атайын мыйзам менен каралган.
Андыктан калаа жетекчилиги санитардык эпидемиологиялык эрежелерди так сактап, үйдө отурууга чакырат. Ар кандай массалык иш -чараларды өткөрүүгө, анын ичинен Орозо айында ооз ачарларга чогулууга тыюу салынган. Ооз ачар уюштурган чайкана же кафе ресторандар аныкталса, аларга катаал чаралар колдонулат. Ошондой эле, көчөгө чыгып сейилдөөгө, массалык спорт иш-чараларын өткөрүүгө чектөөлөр азыркы күнгө чейин күчүндө.