Араван районундагы Эсенбай айылы суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Учурда айылдагы каналдан суу агып жатат. Бул айыл деңиз деңгээлинен 1250 м бийикте, райондун борборунан 150 чакырым алыста жайгашкан. Жыл өткөн сайын жергиликтүү калк жер өздөштүрүүнү колго алып, эгин эгип, бак аянттары кеңейтилгени үчүн ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы жаралган. Өткөн жылы өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев эл менен жолугуп, көйгөйдү жеринен көрүп, ирригациялык иштер үчүн 100 миң сом каражат бөлүнгөн. Буга чейин өкмөткө кат жөнөтүлүп, анын жыйынтыгында 2015-жылы таза суу тартуу иштерине каражат бөлүнүп берилген жана жалпы 70 млн сомдой акчанын соңку төлөмү куруучу компаниянын эсебине 2019-жылдын декабрь айында которулган. Карантинге байланыштуу жумушчулар жок, курулуш материалдарын жеткире албай кечигишкен. Азыр курулуш иштери жүрүүдө. Дагы 2 айда таза суу жеткирилерин убадалашты. Маселени вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өзү көзөмөлдөп турарын билдирди», - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында. Төө-Моюн айыл аймагында 3700 түтүн, Эсенбай айылында 169 түтүн бар.