Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 29, ооруктун 700дөн ашык ардагери жашайт. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата, буларга президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бир жолку акчалай төлөмдөр берилди. Бүгүнкү күндө көзү тирүү согуш каармандарына мындан сырткары жергиликтүү бийлик тарабынан да ар тараптуу куттуктоолор айтылды.