Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арнап «Тарыхый окуялар» сериясынан «Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык күмүш жана жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды. Анда монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин тынчтыкты даңазалаган көгүчкөн түзөрү, арткы фонунда Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин «Жеңиш автографтары» жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылганы айтылат.
Ал эми арткы бетинде «75» деген сандын фонунда «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн. Ошондой эле бул сериядан «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык жез-никель монетасы да чыкты. Ар бир монета акрил капсуласына салынган жана өзүнчө таңгакталган. Коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.