Жаңылыктар
Орозо айында массалык ооз ачуу уюштурууга тыюу салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Орозо айында массалык ооз ачуу уюштурууга тыюу салынат

Муфтият кыргызстандыктарды орозо айында карантин талаптарын так сактоого чакырды. Абалга байланыштуу массалык ооз ачуу уюштурууга тыюу салынат. Оорудан сактанып, башкаларга да залака келтирбөө шарияттагы эң башкы талаптардын бири.



Шарапидиновдордун үй-бүлөсү үчүнчү жылы орозо тутууда. Мусулмандардын ыйык парзын 14 жаштагы Нурсултан да аткарып жатат. Карантин шартынан улам ооз ачуу үчүн былтыркыдай мейманга барган учурлар жок. Ал тургай коңшулар менен да байланыш убактылуу токтогон. Үй-бүлө мүчөлөрү ар бир күнүн бирге өткөрүп жатышат.

Адатта орозо айы карым-катыштын, тууган уруктан кабар алуунун айы. Бирок бүгүнкү абалда элдин көп топтолушу кооптуу. Калк саламаттыгы үчүн киргизилген чектөөлөрдү дин башкармалыгы да колдойт. Орозо айы ортолоп баратат. Быйыл мусулмандар бул парзды 24-апрелден тартып аткарууда.