Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда 92 миңден ашык жаранга жардам көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда 92 миңден ашык жаранга жардам көрсөтүлдү

Өкмөттүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, андан тышкары ишкерлердин көмөгү менен Жалал-Абад облусунда 92 миңден ашык жаранга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов онайн-брифигде билдирди. 8 миң 813 жаранга жергиликтүү бюджеттен, ишкерлер тарабынан 31 миң 830, ал эми өкмөт тарабынан 50 миң 836 адамга гуманитардык жардам берилген. 

Муктаж жарандарга жардам көрсөтүү иштери бүгүнкү күндө дагы улантылып жатат. Онайн-брифигде Нурболот Мирзахмедов ишин кайрадан жандантып баштаган мекемелер боюнча да маалымат берди. Коронавирус илдети чыгып карантин киргенде Жалал-Абад облусунда жалпысынан 7 миң 100 мекеме-ишканалардын жумушу токтоткон. 

Өкмөттүн бир нече тармактарга берген уруксатынан кийин, бүгүнкү күндө 1 миң 452 мекеме-ишкана ишин баштап, 7 миңге жакын жаран жумушка чыгууда. Маалымат жыйында Нурболот Мирзахмедов 4 айга берилген бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча да токтолду.