Жаңылыктар
Ош шаарындагы 48 миңдей үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарындагы 48 миңдей үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди

25-марттан бери Ош шаарындагы 48 миңдей үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Бул туурасында шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров, онлайн-брифинг учурунда маалымдады

Жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн мамлекеттен 22 млн сом каражат бөлүнгөн. Ага ылайык, соңку 10 күн аралыгында 3 транш менен 1227.tunduk.kg тутумуна катталган 27 миң 700 үй-бүлөнүн 15 миңине азык-түлүк баштыкчасы жеткирилип берилди. 

Кадыровдун пикиринде, гум.жардам жарандардын буга чейин алганына карабай, муктаждыгына жараша кайталанып берилүүдө. Муктаждыкты чечүүдө калаадагы демөөрчүлөр, жеке ишкерлер кол кабыш кылып келет.