Бүгүн борбор калаа Бишкек шаарынын 142 жылдыгы. Жыл сайын бул майрам кеңири белгиленчү. Ала-Тоо аянтында жылдыздардын коштоосунда майрамдык концерт уюштурулуп, театралдаштырылган көрсөтүүлөр коюлчу. Бирок бул жылы эпидемиологиялык абал буга жол берген жок. Ага карабастан шаар тургундары социалдык тармактарда куттуктоолор менен бөлүшүүдө. Жазгүл Бакытбек кызы кененирээк токтолот.