Жаңылыктар
"Өлбөс полк" жүрүшү онлайн форматта өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
"Өлбөс полк" жүрүшү онлайн форматта өтөт

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана алардын эрдиктерин элдин эсинде сактоого чакырык жасап, миңдеген жарандардын башын бириктирген "Өлбөс полк" жүрүшү быйыл онлайн ыкмада өтөт. Мындай чечим өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Кыргызстанда жыл санап иш-чаранын мааниси артып баратат. Акыркы жылдары катышуучулардын саны эки эсе өстү.