Жаңылыктар
Өлкө калкынын жалпы саны 6 млн 542 миң адамга жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө калкынын жалпы саны 6 млн 542 миң адамга жетти

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын 1-мартына алынган маалыматына ылайык, өлкө калкынын жалпы саны 6 млн 542 миң адамга жеткен. Быйыл жыл башынан бери 18 жарым миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келсе. 

Жалпы 6 жарым млн калктын, 1 млн 367 миңи Ош облусуна, 1 млн 241миңи Жалал-Абад облусуна ал эми 1 млн 57 миңи Бишкек шаарына туура келет. Чүй облусунда 963 миң, Баткен облусунда 538 миң, Ысык-Көл облусунда 497 миң, Ош шаарында 326 миң, Нарын облусунда 289 миң жана Талас облусунда 267 миңден ашык адам жашайт. 

Кыргызстанда алты миллионунчу ымыркай 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн. Ымыркайдын үй-бүлөсүнө өкмөттөн үй белеке берилип, аны менен удаа туулган дагы 10 баланын ар бирине президенттин фондунан 100 миң сомдон сүйүнчү каралган.