Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып, Москвада өтө турган салтанаттуу параддын мөөнөтү 9-майдан башка убакка жылышы мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Орусиядагы ардагерлердин уюмдары өлкө башчысы Владимир Путинди Жеңиш күнүнө карата 9-майда өтүүчү жүрүштү жылдырууну суранышкан. Алар парадды өлкөдө коронавируска байланыштуу болуп жаткан абал тынчыганда өткөрүүнү сунушташкан.