Жаңылыктар
Исак Бекбоев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Исак Бекбоев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев 91 жаш курагында дүйнө салды. Исак Бекбоев эмгек жолун мектепте математика мугалими болуп баштайт. Андан кийин Кыргыз илим-изилдөө институтуна кабыл алынып, алгач кенже, кийин улук илимий кызматкер, Физика жана математика секторунун башчысы, директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштеген. Бекбоев дээрлик тогуз жыл Кыргыз мамлекеттик университетинде орто мектептердин директорлорунун билимин өркүндөтүү факультетинин деканы жана окуу-тарбия иштери боюнча проректору болуп эмгектенген. Ал Кыргыз илим-изилдөө институтун, Кыргыз билим берүү институтун, Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүү жана илим борборун жетектеген. Исак Бекбоев чыныгы педагогдун, окумуштуунун жолун татыктуу басып өттү. Ал Кыргызстанда педагогика илиминин өнүгүшүнө зор салым кошту. Математиканы окутуу боюнча окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн кыргыз мектебинин негиздөөчүсү болуп саналат, ал педагогика илимдеринин 23 кандидатын жана 7 докторун даярдады. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу профессор Бекбоев жана анын окуучулары тарабынан кыргыз мектептеринин 1-11-класстары үчүн математика боюнча окуу китептер жазылган. Алар 2002-жылы Кыргызстандын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Бекбоевдин эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып «Ардак белгиси» ордени, «Даңк» медалы , 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамы, Кыргыз Республикасынын эл мугалими ардактуу наамдары ыйгарылган. Улуу педагог, илимпоз жана коомдук ишмер катары замандаштарынын эсинде калды. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Жээнбеков, Жумабеков, Абылгазиев, Исмаилова, Эсеналиев жана башкалар.