9 млн сом турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн багытталды. Тийиштүү чечим турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө жеке жана юридикалык жактардан келип түшүүчү акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Жыйын жүрүшүндө жашоо-шарты оор үй-бүлөлөр үчүн гуманитардык көмөк алууга билдирмелер каралды. Өзгөчө абал режими киргизилген калктуу конуштардагы кырдаалды эске алуу менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебинен Ош шаарына 4 млн сом, Нарын шаарына 1 млн сом, Жалал-Абад шаарына 1 млн сом, Сузак районуна 2 млн сом жана Ноокат районуна 1 млн сом муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүү максатында тамак-аш продуктуларын сатып алууга чечим кабыл алынды.